Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 27.09.2018 10:19

«Ак кемедеги» Нургазынын ролун аткарган окуучу элдин сүймөнчүлүгүнө айланды (фото)

Turmush -  Түп районунун Көөчү айылында Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарада А.Кайдуев атындагы мектептин 1-классынын окуучусу Жеңишбек Кайдуев Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги Нургазынын ролун аткаргандан кийин жылдызы жанды.

Аймактык кабарчыга маалымдашкандай, Жеңишбек Нургазыны туурап жатканда ошол жерде катышып отургандар «Ак кеменин» ичине кошо кирип кетишкендей болушту. Нургазы ыйласа ыйлап, ырдаса ырдагандар да болгон.

Иш-чара аягына чыга электе жаш-кары дебей Нургазы деп чакырышып, Жеңишбек менен сүрөткө түшүү бир топко уланды.

Жеңишбектин атасы Бакыт Карагулов уулу тууралуу: «2 балам бар, Жеңишбектин агасы 4-класста окуйт. Жеңишбек бир нерселерди айтсаң бат эле илип алат. Балдардан бөлүнүп алып, бирде карасаң колуна найза кармаган Манас болсо, бирде көргөн киносундагы каарманды аткарып жатканына күбө болосуң.

Бир жолу сарайдан эле эки адамдын сүйлөшкөн жана ыйлаган үндөр чыкты. Булар кимдер болуп кетти деп карасам Жеңишбек экен. Жанында киши жок, көрсө эки ролду, эки башка үн менен аткарып жатыптыр. Эжейи Нургазынын ак кемеде көлдү карап жаткан образын берип, текстин бир-эки жолу айткан экен, жаттап алыптыр. Экинчи үнү таенесиникин да өзү жаттап алып, жайылган кийимдерди музоо чайнап жатканда сөгүп жатканы экен. Жеңишбектен бир нерсе чыгарына ишенем, себеби уктап жатканда кээде Султанмурат, кээде Сейит болуп чыгат. Ооба, Жеңишке бир жакшы устат керек экенине калет жок», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×