Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Ысык-Көл облусуТүп району 27.09.2018 09:16 На русском

Түптө 3-класстын окуучусу мектепке дайыма эшек менен барат (фото)

Turmush -  Абдылда Кайдуев атындагы орто мектептин 3-классынын окуучусу — 8 жаштагы Нурэл Абдрахманов үч жылдан бери мектепке эшек менен каттайт. Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, ал Түп районунун Көөчү айылынын жогорку бөлүгүндө ата-энеси, агасы, карындашы жана чоң атасы болуп жашашат.

«Мектепке жөө келүү кыйын, көп басыш керек. Ошондуктан атам мага эшек белек кылган, аны менен мектепке барып-келем. Кышкысын эрте чыгып, кайра караңгы кирип калганда келем», - дейт Нурэл.

Ал келечекте медициналык кызматкер болууну каалайт.

«Дарыгер болгум келет, биздин үй-бүлөдө медициналык кызматкерлер жок. Адамдарды дарыласам дейм. Азыр чоң атам ооруканада, келечекте мен аны өзүм дарылап, ден соолугуна кам көрөм», - дейт 3-класстын окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×