Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 25.09.2018 11:16 На русском

Түптүн жаштары көлдүн жээгин тазалап, айылдагы көрүстөнгө тосмо орнотушту (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Михайлов айылындагы жаштар Ысык-Көлдүн жээгин таштандыдан тазалашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдык кеңештин төрагасы Аскер Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, айылдын жаштар канаты жыл сайын көл жээгинде ишембилик өткөрүшөт.

«Бул жылы өзүбүз ишембиликке чыгууну чечтик. Көбү бул жерге желим бөтөлкөлөрдү, идиштерди таштап кетишет. Эми жээк таза болушу үчүн дайыма ишембилик өткөрүп турабыз», - деди ал.

Ошондой эле айылдын жаштары өздөрүнүн каражатына көрүстөндүн аймагын металл тосмо менен курчашты.

«Жаштар канаты расмий түрдө юридикалык жак катары катталганбыз. Бул бизге аймакты өнүктүрүүгө багытталган көп иштерди жасоого мүмкүнчүлүк берет», - деди жаштар канатынын төрагасы Азамат Сыдыкакунов.

Ишембиликтен кийин чогулган таштанды жергиликтүү активисттин жүк ташуучу унаасы менен таштанды талаасына жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×