Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.07.2018 08:14

Түп токой чарбасы 2 тоголок жетим балага акчалай жардам көрсөтүштү (фото)

Turmush -  Түп токой чарбасынын кызматкерлери тоголок жетим балдарга кайрымдуулук катары бир күндүк эмгек акысын, жалпы 7 миң сомду тапшырышты. Аймактык кабарчы маалымдагандай, акчаны токой чарбасынын директору Айдарбек Кабыкеев тапшырды.

Бул балдар Байзак айылын тургундары — 2004-жылы туулган Рысбай уулу Алишер (8-класстын окуучусу) менен 2005-жылы туулган, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген Бактыбек Ыбышев (3-класс билими бар). Алар атасынын бир тууганы Калысбек Мамытов менен Гүлмира Маматкулованын үйүндө жашап жатышат.

«Менин 3 кызым, Данияр уулум бар эле. Кыздарым турмуш куруп кетишкен, уулум 9-класста окуйт. Буюрса Алишер менен Бактыбекти Даниярга бир тууган кылып багып алабыз», - деди К.Мамытов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×