Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.07.2018 11:26

Айыл турмушу: К.Мусаев жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартыла турган тасмага роль жаратат (фото)

Turmush -  Түп районунун Күрмөнтү айылынын тургуну Кадырбек Мусаев Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизиндеги тасманын жаңы вариантына тартылат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кадырбек Мусаев Кыргыз жана Казак Республикаларынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

«Мен белгилүү жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата тартыла турган тасмага роль жаратууга макулдугумду бердим. Учурда "Ак кеме" тасмасынын жаңы вариантында, тактап айтканда “Шамбала” тасмасында шамандын ролун аткарууга даярданып жатам. Тасмага менин чачтарым жана териден жасалган добулбастарым даяр. Андан тышкары териден тасмалар үчүн жылкылардын кептерин жасаганым эске алынып, жакында эле бугунун башын сатып алып, реставрация иштерине киришип баштадым», - деди Кадырбек Мусаев.

Ал учурда короосунда таза кандуу коендорду жана эчкилерди багууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×