Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Түптө «Тянь-Шань Трейл Рейс» эл аралык марафондун жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Түп районунун Чаар-Кудук өрөөнүндөгү «Каркыра» чатыр үйлөр лагеринде 23-июнда «Тянь-Шань Трейл Рейс» эл аралык марафону өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, бул деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте өткөрүлгөн биринчи марафон болуп калды. Марафондо 21 чакырым 95 метр аралыкка чуркоодо караколдук Мурадил Токтосунов 22 спортчунун арасынан 1-орунду ээледи.

Айымдар арасында жарышкан Марина Афанасьева 3 чакырым аралыкты биринчилерден чуркап өтүп, алтын медаль тагынды. Андан кийин 10 чакырымга чуркоо жарышында Акыл Бекишов 2 орунду багындырып, күмүш медаль утту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 460
Көп окулду
×