Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 05.07.2018 21:29

Михайловка айылындагы шайыр апалар Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арнап концерт коюшту (фото)

Turmush -  Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүндө түзүлгөн «Сары-көлдүн асылзат апалары» аттуу шайыр апалардын тобу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнап «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» жана «Кылым карыткан кыргыз кереметтери» аттуу концерттик программаны айыл элине тартуулашты.

Маданият үйүнүн башчысы Майрам Атаканованын айтымында, айыл эли концертти жылуу кабыл алышты.

«Алды 80, арты 55 жаштагы аялдардан түзүлгөн шайыр апалар бугу эненин урпактарына көөнөрбөс өнөрүн, талантын тартуулоо, илгерки ата-бабалардан калган ар кандай мурасты кийинки муундарга сактап, мурас кылып калтыруу жана жаш муундарды маданияттуулукка, адептүүлүккө үйрөтүүнү максат кылып коюшту. Негизги тема Ч.Айтматовдун «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» менен шайыр апалар «Ак кеме» повестинен Бугу эне жөнүндө уламыштан үзүндү көрсөтүшүп, жазуучунун «Ысык-Көлгө суктануу» ыры менен концертти баштап беришти. Эки саатка созулган концертте шайыр апалар темага тиешелүү болгон тапшырмаларды толук аткарууга жетишти», - деди Майрам Атаканова.

Бул иш-чарага атайын конок катары чакырылган Түп районунун акими Элчибек Жантаев да катышып, шайыр апаларга чексиз ыраазылыгын билдирип, апаларга өзгөчө көңүл бурула турганына токтолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×