Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 05.07.2018 15:46 На русском

Түптө жардамга муктаж, көп балалуу С.Атамкуловдун үй-бүлөсүнө жардам берилди (фото)

Turmush -  Түп районунун Түп айылындагы жардамга өтө муктаж Сагалы Атамкуловдун көп балалуу үй-бүлөсүнө жардам берилди. Бул тууралуу Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Айбалиев билдирди.

Анын айтымында, жардамды аким Э.Жантаев тапшырып, үй-бүлөнүн абалы менен таанышты.

«Бул үй-бүлөгө Түп айыл өкмөтү тарабынан жыл сайын жардамдар берилип келген. Бул жолу Кызыл ай коомунун Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгү менен акимчилик тараптан үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө тамак-аш, кийим-кече, жуунуп-тазалануучу гигиеналык каражаттар жана балдарга китеп, боёктордун түрлөрү менен бирге биз тараптан 2 миң сом акчалай жардам берилди. Бул үй-бүлөдөн үй ээси Сагалы Атамкулов менен бир кызы жыл сайын дарыланууга муктаж», - деди Б.Айбалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×