Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Түп райондук китепканасы республикалык форумда мыкты китепкана аталды (фото)

Turmush -  Түп райондук борбордук М.Элебаев атындагы китепкана Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн республикалык 10-форумда «Мыкты райондук китепкана» наамына татып, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин диплому жана 100 миң сомдук баалуу сыйлык (китепке сертификат) менен сыйланды. Бул тууралуу Түп райондук борборлоштурулган М.Элебаев атындагы китепкананын директору Клара Ахмедова билдирди.

Анын айтымында, форумда райондук китепканадан тышкары Сары-Тологой, Кудургу жана Тасма айылдарынын китепканачылары — Айым Кайыпбаева, Кеңешкан Султанбекова, Динара Сыдыковалар министрликтин ардак грамотасы менен сыйланышты.

«Сары-Дөбө, Ак-Булак жана Жылуу-Булак айылдык китепканаларына ар бирине 50 миң сомдон китеп алууга сертификаттарды алып келдик. Жыл башында райондун акими Элчибек Жантаев өзү кызыктар болуп, айылдык китепканалардын баркын көтөрүү максатында 120 миң сомго китеп алып келип берсе, бүгүн бардыгы 300 миң сомго китеп алып келгени жатабыз. Мурда китепканаларга көңүл бурулбай келсе, быйыл 6 айдын ичинде 420 миң сомго китеп алып келип, окурмандарды кубантып отурабыз», - деди К.Ахмедова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 496
Көп окулду
×