Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 04.07.2018 08:26

Фото — Түптүк кол өнөрчү Б.Молдоева элечек ороо боюнча мастер-класс өткөрдү

Turmush -  Түп районунун тургуну, кол өнөрчү Бурулкан Молдоева элечек ороо боюнча жердештерине мастер-класс өткөрдү. Аймактык кабарчы да бул мастер-класска катышып келди.

Б.Молдоеванын айтымында, акыркы убакта элечекке басым жасагандар көбөйө баштады.

«Мен келин болуп келгенден бери, тактап айтканда 40 жылдан бири кыргыздын негизги кол өнөрчүлүгү болгон шырдак, ала кийиз жасоо боюнча эмгектенип келем. Акыркы 5 жылдан бери элечек ороону өздөштүрүп алып, азыр башкаларга да үйрөтө баштадым. Элечектин дайыма пайдаланып келген 10го жакын түрү бар. Аны 15 метрден 40 метрге чейинки ак материалдан ороп жасайбыз.

Бүгүн биздеги шайыр апалардын мүчөсү Жүзүмкан Турдукожоевага арнап элечек ороону үйрөнүү боюнча мастер-класс өткөрдүк. Мага оймочу Күлсүн Султанбаева, Алымкан Тууганбаева жана неберем Айзада Арстанбекова жардамдашып, Жүзүмканга 15 метрлик элечекти ороп бердик. Акыркы убакта элечекке басым жасагандар көбөйө баштады. Тойлордо кудагыйларга белекке берүү үчүн буйрутмалар келип жатат. Элечектерди жаш өзгөчөлүгүнө карата сапаттуу кылып жасап берип жатабыз», - деди Бурулкан Молдоева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×