Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

«Мекендештер»: Кытайда акысыз окуп жаткан 25 жаштагы Айгүл бош убактысында кошумча киреше табат (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 25 жаштагы Медиль кызы Айгүл. Ал Түп районунун Күрмөнтү айылында туулган. Учурда Кытайда билим алып жана окуудан сырткары котормочу жана гид болуп иштейт. Аймактык кабарчы мекендешибиз менен баарлашты.

Өзүнүн айтымында, ал Ж.Баласагын атындагы КУУда кыргыз-кытай институтун бүтүргөн. Учурда Түштүк Кытай технологиялык университетинде журналистика жана эл аралык коммуникация факультетинде 2-курста окуйт.

«Мен Кыргызстанда 2014-жылы жогорку окуу жайында окуп жүргөндө жарым жылга Синьцянь педагогикалык университетине жана 2015-жылы Цзянсу педагогикалык университетине Конфуций институтунан бекер билим алууга жолдомо алгам. Кытайдан билим алгандан кийин кайра окууну улантууну чечип, Гуанчжоу шаарындагы Түштүк Кытай технологиялык университетине 3 жылдык магистратурада окууга грант утуп алдым. Гуанчжоу шаарында жүргөнүмө 2 жыл болуп калды, буга чейин Кытайдын Сюйчжоу жана Үрүмчү шаарында 1 жыл окуп кеткем. Гуанчжоу чоң шаар болгондуктан, бул жерде көп жумуш тапса болот. Учурда котормочу жана гид болуп иштеп жатам. Айлыгым жумушума жараша төлөнөт, мисалы, кардарлар менен бир күн кечке фабрикаларды кыдырганда күнүнө 100 доллар алам. Айына болжол менен 1000 доллар болуп калат», - деди Медиль кызы Айгүл.

Ал Кытайда жүрүп Кыргызстандын таза абасын сагынгандыгын билдирди.

«Кытайлар абдан эмгекчил калк болот эмеспи. Ушул жаатта биз үлгү алсак болчудай. Кытайда жаратылышы кооз жерлер абдан көп, алар кичинекей эле жерди туристтик зона кылып жасап алышат. Бирок Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна эч нерсе жетпейт жана таза абасын абдан сагынам», - деди ал.

Ошондой эле Айгүл келечектеги пландары менен бөлүштү.

«Мен окуган окуу жайдын кампусу шаардын четинде жайгашкандыктан көп убакытым метродо өтөт. Каникул учурунда Кытайдын башка шаарларына жана түштүк жагында жакын жайгашкан мамлекеттерге барып турам. Келечекте Кытайдагы чоң компанияларда иштесем деген максатым бар. Мисалы China Southern Airlines авиакомпаниясында иштеп, жана кыргыз-кытай эл аралык мамилесин жакшыртуу үчүн салымымды кошсом дейм», - деди ал.

Үй-бүлөдө ал 3 бир туугандын ортончусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1366
Көп окулду
×