Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.07.2018 09:50

Түп районунан 12 мугалим Бостеридеги пансионатка эс алууга жөнөп кетишти

Turmush -  Түп районундагы 12 мектептен бирден мугалим Бостери айылындагы пансионатка 3 күндүк эс алууга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин төрагасы М.Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, алар негизинен окуткан балдары предметтер аралык олимпиададан, тесттерден жана республикалык ар кандай сынактардан жеңишке жетишкен окуучуларды окуткан мугалимдер.

«Буга чейин 38 окуучу жайкы лагерге эс алууга кетишкен. Алар келгенден кийин экинчи этаптын балдары эс алууга барышат», - деди М.Сыдыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×