Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.07.2018 08:39 На русском

Фото — Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Казакстанды байланыштырган жолдун курулушу улантылууда

Turmush -  Кыргызстан менен Казакстанды байланыштырган Түп—Кеген унаа жолунун курулушу 50% аяктады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жолчулар маалымдады.

Алардын айтымында, бул жылы 1 км жолду гана асфальттоого акча бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө аталган иштер аягына чыгып жатат.

«Биз бул жолду 2008-жылдан бери куруп жатабыз. Анын узундугу 76 км ашат. Азыр 40 км жолго асфальт төшөлдү. Бюджеттен акча бөлүнүшүнө жараша ишти алып барып жатабыз. Эгер жолду 100% бүтүрсөк жакшы болмок. Бул кошуна Казакстандан туристтердин келишине жакшы шарт түзмөк», - деди алар.

Бул жол аркылуу Алмата шаарынан Ысык-Көлгө 3 саатта келип калса болот. Аталган жол менен Казакстандан адамдар келишет. Асфальт Түп районунун Сары-Тологой айылынын этегине чейин төшөлгөн.

Түп—Кеген унаа жолу

Тюп-Кеген
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×