Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.07.2018 21:24

Түптө алдыңкы медициналык кызматкерлер сыйланды (фото)

Turmush -  Түп районунда саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан, ФАПтан, райондук ооруканадан, санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан жана тиш дарылоо эмканасынан келишип, майрамдык салтанатка катышып жаткандарды Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы Элчибек Жантаев куттуктап, ар бир жамааттын алдыңкыларына ардак грамоталар менен ыраазычылык каттарды жана баалуу белектерди тапшырды. Ушул кезде ардактуу эс алууда болсо да кесиптештеринен байланышты үзбөй келе жатышкан эмгектин ардагерлерине «Түп районунун ардактуу атуулу» жана «Кадырлуу эмгек каарманы» наамдарды төш белгилери менен берилди.

Ошондой эле айыл өкмөт башчылары өздөрүнүн аймагында жайгашкан ФАПтын жана ҮДТ кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташып, ыраазычылык каттары менен баалуу белектерин тапрышкан. Райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору ак халатчандарды кесиптик майрамы менен куттукташып, белек катары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×