Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Түп районунда жолду асфальттоо иштери кандай жүрүп жатат? (фото)

Turmush -  Түп районунда жолду асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу Түп районундагы №4 жол тейлөө ишканасынын башчысы Канат Кыдырбаев билдирди.

Маалыматка караганда, бул жылы республикалык бюджеттен Михайловка—Николаевка—Токтоян—Сары-Тологой унаа жолун оңдоого 5 млн сом бөлүнгөн.

«Бул унаа жолдун узундугу 82 чакырымды түзөт. 2012-жылдан тарта асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда биз унаа жолдун 58-59-чакырымында оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди ал.

Оңдоо иштерине 15 техника тартылган.

«Асфальт төшөө иштерин ушул жылдын 28-июнунда баштадык, аны 30-июнга чейин бүтүрүү пландалууда. Учурда 15 механизатор жана 10 жолчу иштеп жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 425
Көп окулду
×