Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 28.06.2018 19:05

Түптө сүт ташуучу унаа менен трактор кагышканда каза болгон айдоочунун жубайы окуя тууралуу айтып берди (фото)

Turmush -  Түп районунда сүт ташуучу унаа менен трактордун катышуусундагы жол кырсыктан каза болгон 33 жаштагы айдоочу Дамир Бурабаевдин аркасында эки баласы калды.

Маркумдун жубайы Мунара Орозакунованын айтымында, ошол күнү жолдошу Ак-Суу районунун Тегизчил айылынан Түп районунун Долон айылына саат 21:25 чамасында чыккан.

«Ал үйдөн саат 21:25 чамасында чыккан. Биз кечки тамакты ичкенден кийин аны узатканбыз. Ал акыркы 5 жылдан бери сүт ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштечү. Күн сайын бул жол менен жүргөндүктөн анын ар бир дөңсөсүн билчү. Бул жолу да ал сүт алып келүү үчүн чыккан. Ага чейин күндүз уктап, эс алган болчу», - дейт жубайы.

Анын айтымында, ал Тегизчил айылынан чыккандан кийин 20-25 мүнөт өткөн соң жол кырсык болгон.

«Бул трактор менен 1992-1994-жылдары туулган бир туугандар чөп жүктөп келе жатышкан экен. Ал тракторго чиркегич уланыптыр, анда эч кандай жарык берип туруучу жабдык болгон эмес. Ошондуктан кырсык болду, мындай учурда трактордун аркасынан башка унаа коштоп баруусу керек болчу.

Окуя болгондон кийин үйгө трактордогу балдардын агасы келип, чындыгында ошол күнү аларды коштоп бара албай калгандыгын айтып, күнөөсүн мойнуна алды. Мен азыр тергөө иштери кандай жүрүп жатканын билбейм, бирок адилеттүү чечим чыгат деген үмүттөмүн», - деди ал.

Дамирдин аркасында 4 жаштагы кызы жана 2 жаштагы уулу калды.

Буга чейин Түп районунда жол кырсыктан 33 жаштагы адам каза болгондугу маалымдалган. Жол кырсык Балыкчы–Ананьев–Каракол унаа жолунун 201-чакырымында 23-июнда саат 20:00 чамасында катталган.

Анда Түп айылынын 1994-жылы туулган тургуну А.Ж. башкарып бараткан трактор менен Тегизчил айылынын 1985-жылы туулган тургуну Б.Д. башкарып бараткан сүт ташуучу «Мерседес-Бенц» унаасы кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен сүт ташуучу унаанын айдоочусу окуя болгон жерде алган жараатынан улам каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×