Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Талды-Сууда мектепти 50 жыл мурда бүткөндөр бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшырышты (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылындагы М.Элебаев атындагы мектепте кош майрам өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мектепти мындан 50 жыл мурда, башкача айтканда 1968-жылы бүткөндөр 50 жылдык мааракесин, 2017-2018-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөргө аттестат жана жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттарын тапшыруу аземин өткөрүштү.

Салтанатты мектептин директору Ж.Курманакунов ачкандан кийин мектепти 50 жыл мурда бүтүргөндөр быйылкы бүтүрүүчүлөрдү бирден жетелеп чыгышты. Андан кийин Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Тагаев, Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асакеев, 50 жыл мурда мектепти бүткөндөрдүн атынан Түп райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Алдаяров жана Улуу Ата Мекендик согуштун 98 жаштагы ардагери Т.Тамашаев, 50 жыл мурда мектепти аякташкан 4 класстан бирден өкүл кош майрамдын ээлерин куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты.

«Илимдин докторлору, эмгектин ардагерлери — 50 жыл мурдагы 4 класстын бүтүрүүчүлөрү мектепке дайыма ийгиликтерге жетишкенде желбиретип жүргүлө деп Кыргыз мамлекетинин кызыл желегин салтанаттуу тапшырды.

Талды-Суу айыл өкмөтү мектепти 50 жыл мурда бүтүргөндөргө жана буларды окуткан, ушул кезде арабызда жүргөн 3 ардагер мугалимге ыраазычылык каттарды тапшырды.

Мектептин окуучулары кош майрамдын ээлерине арнап чакан концерт тартуулашты. Акырында эркин микрофон болуп, 50 жыл мурда мектепти бүткөндөр баштарынан өткөн окуучулук кездеги кызыктуу окуяларын ортого салышып, эстеликке сүрөткө түшүштү», - деди уюштуруучу тобунун өкүлү К.Ашымканов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 613
Көп окулду
×