Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 26.06.2018 15:28

Түптө окуучуларды интернеттен алыс кылган жайкы өнүгүү борборлору иштеп жатат

Turmush -  Түп району боюнча 36 мектептин ичинен 29 мектепте күнүнө 3 сааттык жайкы өнүгүү борборлору иштеп жатат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Такаев билдирди.

Анын айтымында, өнүгүү борборлоруна 3-14 жаштагы балдар тартылып, 3 саат ичинде ойноп, жомокторду окуп, андагы каармандарды сүрөткө тартышып, ар кандай логикалык тапшырмаларды аткаргандан кийин үйлөрүнө тарап кетишет.

«Бул жерден аз болсо да интернеттен алыс болуп, китеп окууга көп көңүл бөлүнөт», - деди А.Такаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×