Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Фото — Каркырадагы малчылардын майрамы улуттук оюндар менен коштолду

Turmush -  Түп районунда «Манас» эпосундагы Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыра жайлоосунда малчылардын майрамы 27 жылдан кийин кайра жанданды, деди Түп районунун акими Элчибек Жантаев.

Чынында эле Союз тарагандан кийин казак-кыргыз малчылары жыл сайын өткөрүп келген «Каркыра жармаңкеси» же болбосо малчылардын слёту өткөрүлбөй калган. Слёт эмес, малчылардын өздөрүнө да көңүл бурулбай, медициналык текшерүүлөр, дүкөн менен артисттерден куралган үгүт бригадалардын сапары токтогон.

Бул малчылардын майрамынын кайра жандануусуна май айында жааган калың кар, андан мал арасындагы зыяндар себеп болду окшойт. Түп, Ак-Суу райондорунун акимдеринин жайлоодо малчылардын слётун өткөрүү сунушун өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү У.Жылкыбаев колдоп, Түп районунун акими Э.Жантаев «Каркыра кыргыз дөөлөтү» аттуу малчылардын майрамы менен бирге Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүн да бирге өткөрүүнү уюштурду.

«Каркыра кыргыз дөөлөтү» аттуу иш-чараны Түп районунун акими Э.Жантаев ачып, «Каркыра жармаңкесинин» тарыхына, андан кийин эки бир тууган кыргыз-казак малчылары өткөрүп келген слётко жана Түп районунан чыккан эмгектин алдыңкы малчылары тууралуу айтып, кесиптик майрам ээлерин куттуктады. Андан кийин ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Д.Моңолдоров баш болгон коноктор иш-чаранын катышуучуларын куттукташып, ардак грамоталар менен ыраазычылык каттарды, баалуу белектерди жана төш белгилерди тапшырышты.

Бишкектен келишкен төкмө акындар баштаган жергиликтүү өнөрпоздор салтка айлангандай жанга жагымдуу ыр, күүлөрдү тартуулашты. Эки күнгө созулган ат оюндары эр оодарыш, көк бөрү, кыз куумай, кунан чабыш, жорго салыш жана аламан жарыш менен жыйынкталып, байгелер өз ээлерин табышты.

Көк бөрүдөн Түптүн «Бирлик» командасы биринчи, Ак-Суу районунун командасы экинчи, «Мурас» командасы үчүнчү орунду ээлешип, байгелерге татыктуу болушса, Михайловка айылынын саяпкери Самак Усубакуновдун күлүктөрү эки дистанциядан биринчи, бир жарыштан экинчи орунду ээлеп, кир жуучу машина, газ плитасы жана сыналгы утуп алышты. Жоргодон Ысык-Көл районунан келген жорголор байгеге ээ болушту.

Салбурунда Тоң районунан келгедер жеңишти беришкен жок. Кыз куумай дагы кызыктуу болуп, 3 жолу кыздар, бир жолу жигиттер жеңишке жетишти. Аркан тартыш, кыргыз күрөшкө катышкандар көп болуп, жыйынтыгы кеч чыгарылды. Анын жалпы байге фонду 210 миң сом болгон.

Акырында ушул жакшы саамалыкты салтка айландыруу максатында Түп районунун акими Э.Жантаев: «Мекенибиздин эң ажайып кооз жери болгон, касиеттүү Ысык-Көлүбүздүн төрүнөн орун алган, кыргыз мамлекетин түптөөгө Манас атабыздын доору башталган касиеттүү кең Каркыра өрөөнүндө өтүүчү тарыхый мааниси бар, кыргыз-казак элинин ынтымагын, достугун бекемдеген «Каркыра кыргыз дөөлөтү» салтанатын салтка айландырып, өткөрүп турууну улантат деп ишенебиз», - деп, эстафетаны Ак-Суу районуна тапшырды.

«Кош майрамыбыздын дал ушул касиеттүү Каркыра жайлоосунда өткөрүлгөнү бизди кубандырбай койбойт. Унутта калып бара жаткан казак, кыргыз ынтымагын бекемдеп турган малчылардын майрамы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин майрамы менен бирге өтүшү алдыга дагы жакшы саамалыктарды жандандырды», - деди Э.Жантаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
1
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 864
Көп окулду
×