Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 25.06.2018 11:52 Жаңыланды: 25.06.2018 12:42

Түптө эки айылдын бүтүрүүчүлөрү мушташып, унаа талкаланды

Turmush -  Түп районунда 23-июнда бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземинен кийин Түп айылындагы жана Сары-Булак айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү мушташа кетишкен. Бул окуяны райондук мамлекеттик администрациядан тастыкташып, жер-жерлерде чогулуш өткөнүн маалымдашты.

Маалым болгондой, жаңжалда Сары-Булак айылынан бир жигит Түп айылынын бүтүрүүчүлөрү жүргөн унааны талкалаган.

«Бул окуядан кийин эки айылдын аксакалдарынын катышуусунда чогулуш өткөрүлүп, эки айылдын балдарын элдештиришти. Жыйынтыгында унааны талкалаган жигит Түп айылынын бүтүрүүчү балдарынан кечирим сурап, унааны калыбына келтирип, ондоп бермей болду», - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, окуянын аттестат тапшыруу иш-чарасына байланышы жок.

«Түп районунун Кудургу айылында жайгашкан «Дружба» пансионатынын көл жээгинде 23-июнда саат 13:00 чамасында өспүрүмдөр арасында пикир келишпестик болуп, унаанын терезеси талкаланган. Анда Түп айылынын балдары менен Балбай (мурдагы Сары-Булак) айылынын жогорку классынын окуучуларынын ортосунда чыр чыккан. Ошол күнү Түп айылынын жогорку класстагы окуучуларынын бири — 2001-жылы туулган Ж.Р. атасына тиешелүү «Audi S4» үлгүсүндөгү унаасын айтып чыккан. Анын айдоочулук күбөлүгү бар болгон.

Ошол эле учурда жогорку класстын 5 окуучусу күн ысык болгондуктан көл жээкке келишкен. Ошол маалда Балбай айылынында жогорку класстын 6-7 окуучусу көл жээкте эс алып жүрүшкөн. Балдар арасында пикир келишпестик орун алган. Балбай айылынын 2000-жылы туулган тургуну И.Р. таш алып, «Audi S4» унаасынын терезесин чаап жиберген. Аны көргөн эс алуучулар милицияга маалымдашкан. Ал жерде жаракат алган балдар болгон эмес. Милиция балдарды бөлүмгө алып келип, ата-энелерин чакыртышкан. Анда ата-энелер арыз жазуудан баш тартышкан. Аталган факт бейбаштык катары каттоого алынып, тиешелүү иштер жүрүп жатат. Окуя аттестат тапшыруу аземине байланыштуу эмес. Себеби, балдар арасында жалаң бүтүрүүчүлөр эмес, жогорку класстын окуучулары дагы болгон», - дейт ал.

Мындан тышкары, ал окуя болгон күндүн эртеси — 24-июнда чогулуш болгондугун кошумчалады.

«Айыл аксакалдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, окуучулардын ата-энелеринин катышуусунда чогулуш болуп, анда унаага келтирилген материалдык чыгым төлөнүп берилмей болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×