Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 24.06.2018 15:58

Түптө сүт ташуучу унаа менен трактор кагышып, 33 жаштагы айдоочу каза болду (фото)

Turmush -  Түп районунда жол кырсыктан 33 жаштагы адам каза болду. Бул тууралуу ЖККБдан маалымдашты.

Маалыматка караганда, жол кырсык Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 201-чакырымында 23-июнда саат 20:00 чамасында катталган. Анда Түп айылынын 1994-жылы туулган тургуну А.Ж., башкарып бараткан трактор менен Тегизчил айылынын 1985-жылы туулган тургуну Б.Д., башкарып бараткан сүт ташуучу «Мерседес-Бенц» унаасы кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен сүт ташуучу унаанын айдоочусу окуя болгон жерде алган жараатынан улам каза болгон. «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, тракторду сүзүп алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×