Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Түп районунан 38 окуучу жайкы лагерде эс алып жатышат (фото)

Turmush -  Түп районунан жайкы лагерге эс алуу үчүн биринчи этапта 38 бала жөнөп кетишти, - деди Муратбек Сыдыков Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин төрагасы.

Анын айтымында, балдар үчүн жооптуу адамдар бекитилди.

«Ар бир мектептен бирден окуучу «Улан» эс алуучу жайына 8 окуучу, Тоң районундагы КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин «Красная гвоздика» эс алуу жайына 30 окуучуларды жайгаштырып келдик. Ал жерде балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, окушат, ойношот, көлгө түшүп эс алышат.

Балдар үчүн жооптуу адамдар бекитилди. Бул жолу окуунун алдыңкылары барып эс алышса, кийин эки жолку эс алууда башка категориядагы балдар барып эс алышат», - деди М.Сыдыков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 521
Көп окулду
×