Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк саяпкер «Аллах», «Мухаммед» деген арабча жазуусу бар жылкы багууда (фото, видео)

Turmush -  Түп районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургуну Курманбек Убайдылаев «Байтур» асыл тукум чарбасын жетектеп, күлүктөрдү багып келет. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, асыл тукум жылкылардын ичинде 5 жаштагы Арап аттуу жылкысы бар. Анын сол капталында араб жазуулары болгондуктан аны Арап деп аташат. Анын атасы Москва шаарындагы жылкы заводундагы белгилүү айгыр Арапчонка болсо, энеси орус тасканындагы Астра.

«Жылкы чоңоюп калганда андагы жазууларды араб тилин билген адамдарга окутканымда, алар «Аллах» «Мухаммед» деп жазылганын айтышты. Ошондон кийин жылкыны ат чабыштарга катыштырбай, асырап карайбыз. Ага чейин ат оюндарына бир ирет чабылып, баш байге алып келген болчу.

Арап азыр 5 жашта. Андан тукум алуу үчүн аны ат оюндарына катыштырбай, асырап багып жатабыз. Уулум Юрислам өзү таптап, жемин берип карайт. Акыркы 5 жылдан бери Араптын балдары да мыкты күлүк болуп чыгышты», - деди саяпкер.

Мындан тышкары, Курманбек Убайдылаев күнүнө 45 литр сүт берген уйларды дагы багат.

«Голштин породасындагы уйлар тоют ылгабай жегени менен айырмаланат. Кунаажындар 25 литрден 30 литрге чейин сүт берсе, 3 жаштагылары 45 литрге чейин сүт берет. Бул уйларды күнүнө 6 маал сааш керек. Сүт багытындагы уйлардын торпоктору 30 миң сомго бааланат», - дейт фермер.

«Байтур» асыл тукум чарбасында 70 баш асыл тукум орус жылкылар, гиссар породасындагы 200 кой жана 30 уй бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4696
Көп окулду
×