Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 19.06.2018 18:10

Түптө согуштун ардагери Үсөн Узакбаев акыркы сапарга узатылды

Turmush -  Бүгүн, 19-июнда Түп айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Үсөн Узакбаевди акыркы сапарга узатуу тажыясы болду.

Үсөн Узакбаев 1925-жылы Түп районунун Ичке-Суу айылында туулган, 1943-жылы Япон согушуна катышып, 1945-жылы ноябрда батыш Польша, Германиядан кайткан, Украинаны бошотууга катышкан.

Акыркы сапарга узатуу Түп айылында өткөрүлүп, Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айбалиев митингди ачып, райондун акими Э.Жантаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Алдаяров, туугандары жана райондук аскер комиссариаты маркумдун басып өткөн жоокерлик жолдоруна токтолушуп, коштошуу сөздөрүн айтышты.

Ү.Узакбаев атанын сөөгү туулуп өскөн жери Ичке-Суу айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Ардагердин бир баласы, 8 небереси, 3 чөбөрөсү бар.

Түп району боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 7 ардагери калып, 9-май Жеңиш күнүн белгилешкен эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×