Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

«Манас таануу» таймашында 3-орунду ээлеген түптүк окуучулар сыйланды (фото)

Turmush -  «Манас таануу» республикалык таймашында 3-орунду ээлеген Түп районунун Б.Королиев атындагы Чоң-Таш орто мектебинин «Аруузат» командасы сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда Билим берүү жана илим министрлиги менен Президенттин алдындагы Тил комиссиясынан өкүлдөр келип, 5 окуучуга жана кыргыз тили мугалими Ракымбек кызы Гүлирага планшеттерди тапшырып кетишти.

«Республика боюнча «Манас таануу» таймашынан 30 мектептин арасынан үчүнчү орунду ээледик. Бул ийгиликке жетишүүгө окуучулардын мыкты даярдыгынан дагы жалпы мектептин жааматынын жардамы чоң колдоого татыды», - деди Ракымбек кызы Гүлира.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 642
Көп окулду
×