Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 19.06.2018 12:59

Түп районунда өрт өчүрүүчүлөрдүн кесиптик майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Түп районунда ӨКМдин бөлүмү болгон өрт өчүрүү-куткаруу кызматынын кесиптик майрамы белгиленди. Жыл сайын 15-июнда белгилене турган майрам Орозо айтка дал келгендиктен 18-июнга жылдырылган. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Түп районунун акими Э.Жантаев, айыл өкмөт башчылары өрт өчүрүүчүлөрдү кесиптик майрамы менен куттукташып, ардак грамоталар менен ыраазычылык каттарды тапшырышты. Ал эми райондук маданият үйүнүн кызматкерлери концерт тартуулашты. Бул иш-чарага ӨКМдин облустук профсоюз комитетинин төрайымы Шайыркүл Бакирова да катышып, эки жоокерге ардак грамота менен ар бирине 500 сомдон сыйлык тапшырды.

«Сыйлык алгандардын ичинде курамдагы 32 кызматкердин арасындагы жалгыз аял Нуржамал Молдогазиева да бар», - деди Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Бакыт Казакбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×