Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Каркыра жайлоосунда казак-кыргыз малчыларынын слёту өткөрүлөт (фото)

Turmush -  Түп районунун Каркыра жайлоосунда 22-июнда «Каркыра — кыргыз дөөлөтү» аттуу маданий иш-чара өткөрүлөт, деп билдирди Түп районунун акими Элчибек Жантаев.

Ал белгилегендей, бул аймак Манастан бери «Каркыра жармаңкеси» деп аталып, Улуу Жибек жолунда жайгашып, кыргыз, казак жана кытай, калмак элдеринин арасында соода-сатыктын чок ордону болуп келген.

«Союз мезгилинде казак-кыргыз малчылары катышкан малчылардын слёту да өткөрүлүп, эки элдин ынтымагын бекемдеп турган. Биз дагы унутта калып бара жаткан жакшы саамалыкты жандандырууну көздөп, чектеш турган казактын облус жана райондук жетекчилерин да чакырдык. Алар келүүгө макулдугун беришти. Каркырада Ак-Суу менен Түп районунун малчыларынын жайлоо майрамын гана өткөрбөстөн, 23-июнь — Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүн кошо белгилейли деп жатабыз.

Баарынан кызыгы ат менен ойнолгон оюндар болот деп ойлойм, себеби казак туугандар да өздөрүнүн күлүктөрүн ала келишмек болду. Улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, кыз куумай, эр оодарыш, кыргыз күрөш, аркан тартмай жана ат чабыш менен жоргонун беш түрүнөн мелдештер болуп, Салбурун өткөрүлөт. Бишкектен белгилүү ырчылар келип, чоң концерт тартуулашат. Кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын небереси, манасчы жана бийчи Тургуналы келмей болду», - деди Э.Жантаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 712
Көп окулду
×