Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 18.06.2018 09:49 На русском

Ысык-Көлдө чиновниктин үй-бүлөсү экинчи баланы асырап алышты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылындагы фостердик үй-бүлө дагы бир баланы багып алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу, жогорку билимдүү, 49 жаштагы Эмил Эсенкожоев менен 47 жаштагы үй кызматкери Элмира Карасартова 4 балалуу болушкан. Уулу Жолдош Балыкчы шаарында жол инженери, кыздары — Салтанат Кыргыз-түрк «Манас» университетинде, Раушан Красноярскидеги Сибирь федералдык университетинде окушса, кичүү кызы Аэлина М.Элебаев атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу.

Бул үй-бүлө былтыртадан бери фостердик үй-бүлө курап, Кутман Шакенов аттуу баланы асырап алышкан. Ал бала Талды-Суудагы мектепте 9-классты аяктады. Жакында эле бул үй-бүлө дагы бир баланы асырап алышты.

Ал — Эркинбек Мүсүралиев 2005-жылы Түп айылында төрөлүп, Ак-Булуң айылында чоң энесиникинде жашап жаткан. Атасы каза болуп, энеси иштеп кетип дайынсыз жоголгон. Эркинбек 6-классты Талды-Сууда аяктаган. Биз менен маектешкен Эркинбек азыркы ата-энесин уятка калтырбай жакшы окуп, келечекте мыкты ордочу жана футболчу болууну самай турганын айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×