Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 18.06.2018 09:27

Түптүн медициналык кызматкерлери облустук манасиадада 3-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Түп районунун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен турган спорттук командасы медицина кызматкерлери арасында өткөрүлгөн облустук манасиадада командалык 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Түп районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Жибек Жайлымышова билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында өткөн манасиадага облус боюнча 10 команда катышты.

«Манасиаданын жыйынтыгы менен 1-орунду, кубокту жана 5 миң сом байгени Балыкчы шаарынын, 2-орунду 3 миң сом жана кубогу менен облустук бириккен оорукананын, 3-орунду 2 миң сом жана кубогу менен Түп районунун медицина кызматкерлеринен турган командалар ээлешти.

Түптүн эркектер командасы волейболдон биринчи орунду ээлешип, 2 миң сом байгеге ээ болушту. Шахматтан, кичи футболдон экинчи орунду ээлеп, теннистен жакшы оюнду көрсөтө албай, 3-орунду ээлеп, былтыркыдан бир орунга артка кеттик», - деди Жибек Жайлымышова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×