Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.06.2018 09:22

Түптүн Тасма айылында 3,7 млн сомго кичи футболдук аянтча курулуп жатат (фото)

Turmush -  Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнө караштуу Тасма айылында кичи футбол аянтчасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков билдирди.

Анын айтымында, футбол аянтча түрткү берүүчү гранттын эсебинен жалпы баасы 3 млн 762 миң сомго курулууда.

«Көрүүчүлөргө ылайыкталган 120 киши бата турган трибунасы бар кичи футболдук аянтчага республикалык бюджеттен 2 млн 464 миң сом, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан 1 млн 253 миң сом бөлүнүп, биз айыл өкмөттүн бюджетинен 45,5 миң сом бөлүп бердик. Курулушту Т.Абдраевдин «Насипстрой» курулуш фирмасы ишке ашырып жатат. Бул региондорду өнүктүрүүнү социалдык жактан колдоо болмокчу», - деди Курманбек Кайыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×