Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.06.2018 11:40 Жаңыланды: 11.06.2018 16:29

Айыл турмушу: 90 жаштагы Майрамкан эне Төлө аттуу кайнатасын «Плати» деп тергейт (фото)

Turmush -  Түп айылынын 90 жаштагы тургуну Майрамкан Төлөева Энелер күнүнө карата Түп райондук мамлекеттик администрациясынын «Кадырман эмгек каарманы» наамы менен сыйланды. Аймактык кабарчы баатыр эне менен таанышты.

Ал эне бул сыйлыкка жөн эле татый койгон жок. Абышкасы Дөөтбай Төлөев экөө бири согушта, бири оорукта азаптарды тартышканын айтып берсе Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасындагы окуялар бул жакта өткөнбү деп ойлоп кетесиң. Абышкасы экөө 14 балалуу болушкан. Дөөтбай атанын көзү өтүп кеткенден кийин СССРдин «Баатыр эне» наамынын ээси 30 небере, 30 чөбөрө жана 3 кыбыраны багып өстүрүүгө жетишкен.

КРнын «Баатыр эне» наамына ээ болгон Майрамкан эненин баскан-турганы тың. Ал президенттин атайын сыйлыгына ээ болгонуна толкунданып, кайсыл келини төрөсө ошол үйдө, себеби анын бала багуудагы тажрыйбасын баары эле биле бербейт. Майрамкан эне негизинен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген баласы Аскар Төлөевдин үйүндө небереси Сагидат менен бирге жашайт.

«Энебиз 90 жашка келсе да кайнатасы Төлөнүн атынан айтпай, «мен «Платинин» келининимин» деп тергейт. Кыргызча Төлөнүн келинисизби деп жаңылтайын десең да жаңылбайт», - деди баласы Аскар Төлөев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×