Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 08.06.2018 17:27

Түптүн жаштары иретсиз курулуштарды алууну өтүнүп, базарга чогулушту (фото)

Turmush -  Түп районунун жаштары район борборун иретке келтирүүнү өтүнүп, базарга чогулушту. Бул тууралуу «Түп жаштары» коомунун төрагасы Улан Соколов билдирди.

Анын айтымында, жаштар район борборундагы иретсиз курулуштарды алууну өтүнүп жатышат.

Жаштардын айтымында, Түп айылынын ичиндеги автобекет жеке менчикке өтүп, унаалардын жүрүүсүнө тыгын жаратууда. Мындан тышкары, дагы бир жеке менчик автобекет айылдын борборунан орун алгандыктан жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып келет. Алар бул маселе боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө, тийиштүү тармактарга кайрылышкан.

Бул жолу жаштар менен Түп айыл аймагынын башчысы Болот Айбалиев жана жеке менчик автобекеттин ээси жолугушту. Анда жаштар өздөрүнүн сунуштарын айтышты.

Ал эми автобекеттин ээси Жеңиш Самыкбаев тийиштүү документтерин көргөзүп, тартип бузуу жок экенин айтты.

Түп районунун жаштары бул маселе боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып, район борборун, базардын ичин иретке келтирүүнү өтүнүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×