Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 07.06.2018 10:22

Түптүн тургундары өзгөчө кырдаалдардан сактануунун жолдорун үйрөнүштү (фото)

Turmush -  Түп районунда өзгөчө кырдаалдардан сактануунун жолдору туралуу окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн башчысы Б.Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, окуу өзгөчө кырдаал көп катталган Каркыра, Кең-Суу, Сары-Тологой айылдарында өтүп, анда ӨКМ алдындагы Жарандык коргоону адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунан келишкен капитан Ч.Ногойбаев менен улук лейтенант А.Айтибаева жергиликтүү тургундарга өзгөчө кырдаалдын түрлөрү боюнча айтышып, алардан сактануунун жолдорун үйрөтүштү.

«Эртеңден баштап Шаты, Ичке-Суу айылдарынын калкына сабактарды өтүшөт», - деди Б.Казакбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×