Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Түптөгү борбордук китепканага 120 миң сомго китептер тапшырылды (фото)

Turmush -  Түптөгү М.Элебаев атындагы райондук борбордук китепканада жалаң китепканачылардын катышуусу менен «Кыргыз барда Чыңгыз жашайт түбөлүк» адабий музыкалык кечеси болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кечеге катышкан Түп районунун акими Эльчибек Жантаев китепканачылардын кесиптик майрамы менен куттуктагандан кийин райондогу 30 айылдык китепканага Кыргыз улуттук китепканасынан ала келген 120 миң сомдук китепти таратып жана алдыңкы китепканачыларга раймамадминистрациясынын ардак грамотасын тапшырды. Адабий кечеде Ч.Айтматовдун калемине таандык «Саманчынын жолу» повестинен Толгонай менен Жер эненин монологу, «Кыяматтан» Найман эне менен Жоломандын акыркы кездешүүсү китепканачылар тарабынан аткарылса, «Ильястын ыры», «Көлгө таазим» ырларын райондук маданият үйүнүн кызматкерлери аткарышты. Ал эми мектеп окуучулары Ч.Айтматовдун чыгармаларынан жана жазуучуга арналган ырлардан көркөм окушту.

«Түп району боюнча 30 айылдык, бирден райондук жана балдар китепканасы бар. Анда 41 адам эмгектенет. Бизди кубантканы унутта калган китепканаларга акимдин көңүл буруусу болуп жатат. Дагы китептерди алып келип берем дегени биздин ишибизге дем кошуп жатат», - деди райондук китепкананын директору К.Ахмедова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 656
Көп окулду
×