Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 05.06.2018 20:31

Түптө мүмкүнчүлүгү чектелген 3 баласы бар А.Сарыбаевага акчалай жардам берилди (фото)

Turmush -  Түп районунда Орозо айына байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген 15 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Биз 15 үй-бүлөнүн ар бирине ичинде май, чай кургатылган как, ун жана башка күндөлүк керектелүүчү азык-түлүк салынган 15 кг салмактагы баштыктарды тараттык. Бул Орозо айынын ичиндеги чоң соопчулук болуп эсептелет.

Андан тышкары Тасма айылынын тургуну Айдай Сарыбаевага 10 миң сом акчалай жардам көрсөттүк, себеби анын 3 баласы тең ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Жардамды таратууга акимдин орун басары Э.Дюшебаева катышты», - деди «Кызыл ай» коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлү Жыпаркүл Кадыралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×