Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.06.2018 12:10

Түптө Балдарды коргоо күнүнө карата жаш балдар арасында бокс боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Түп районунда 60 бала катышкан бокс боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Түптөгү балдарды коргоо борборунун директору Расул Кувандыковдун айтымында, бул мелдешке райондун бардык айылдарынан келген 23 кг салмактан 50 кг салмакка чейинки балдар катышты. Жеңүүчүлөргө Түп айыл өкмөтү жана коомдук фонддордун бири кызыктыруучу белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×