Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Түптө 16 аялга «Баатыр эне» ордени тапшырылды (фото)

Turmush -  Түп районунда көп балалуу 16 аялга «Баатыр эне» ордени жана 1 энеге «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондун акиминин орун басары Э.Дүйшөбаева билдирди.

Анын айтымында, сыйлыктар 7 жана андан ашык балалуу энелерге берилди.

«Талды-Суу, Кудургу айыл өкмөттөрүнөн төрт, Түп, Карасаев айыл өкмөттөрүнөн үч, Ак-Булак айыл өкмөтүнөн эки, Михайловка айыл өкмөтүнөн бир энеге Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Элчибек Жантаев жана орун басарлары ордендерди салтанаттуу тапшырып, айыл өкмөттөр баатыр энелерге белектерин беришти», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 684
Көп окулду
×