Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Ысык-Көл

Фото — «Каркырадагы» чек арачылар кесиптик майрамын кандай белгилешти?

Turmush -  Кыргыз-казак чек арасындагы КРнын чек ара кызматынын «Каркыра» бөлүмүнө Чек арачылар күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Каркыра» чек ара бөлүмүнө Түп районунун акими Эльчибек Жантаев, РИИБдин башчысы, полковник Д.Исаков, райондук аскер комиссары Э.Сатыбалдиев, Талды-Суу ДЭП-4 башчысы К.Кыдырбаев жана Санташ, Чоң-Таш, Түп айыл өкмөт башчылары барып, чек арачыларды кесиптик майрамы жана СССР мезгилинен берки чек арачылардын күнүнүн 100 жылдыгы менен куттукташты.

Аким Э.Жантаев «Каркыра» чек ара бөлүмүнүн командири, капитан Алмаз Мырзалиевге чек ара бөлүмүнүн муктаждыктары үчүн Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондусунан 100 миң сомдун сертификатын тапшырышса, калгандар өздөрүнүн белектерин тапшыруу менен чек арачыларга каалоо-тилектерин айтышты.

Ал эми Түп райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору 3 саатка жакын майрамдык концерт тартуулашты.

«Бизде майрам качан чек арабыз бейпил, тынч болгондо гана майрам болот!», - деди лейтенант Жакшылык Караев сержант Данияр Мурабеков жана «Лесси» аттуу ити менен катардагы жоокер Самат Аликовдор кезектеги чек ара күзөтүнө кетип жатышып.

«Бул жерде бардыгы эмес, майрам майрамы, кызмат кызматы менен дегендей 6 атчаныбыз эрте эле кезектеги тозотко кетишкен. Бул жерде негизинен келишим менен келген башкача айтканда тажрыйбалуу жоокерлер кызмат өтөшөт. Жыл сайын келип, көңүл буруп тургаңынар үчүн чоң ракмат. Чек ара жалгыз гана чек арачылар үчүн гана эмес, жалпы ушул аймакта жайгашкан айылдын жашоочуларына жана малчыларга да керек», - дейт командир А.Мырзалиев.

Биз барганда кичине күндүн көзү бузулуп турду эле. Саат бирден кийин аба ырайы бузулуп, жаан карга айланды. Жыл мезгилинин кайсы убагы болбосун чек арабызды көздүн карегиндей сактап турушкан чек арачыларга ыраазычылыгыбызды билдирип кайттык.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 846
Көп окулду
×