Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 29.05.2018 11:31

Фото — Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бөлүмүндө кызмат кылган 6 үй-бүлө

Turmush -  Түп районундагы №2028 аскер бөлүгүнүн «Каркыра» чек ара бөлүмүндөгү кыргыз-казак чек арасында жоокерлер негизинен келишимдик негизде кызмат өтөшөт. Алардын алтоо үй-бүлөсү менен ушул жерде жашап, кызмат кылышат, дейт аталган бөлүмдүн башчысы Алмаз Мырзалиев.

Чек аранын бекемдиги ошол жерде кызмат кылгандардын ынтымагына, бири-бирин сыйлоосуна жараша болот деген Алмаз Мырзалиев өзүнүн үй-бүлөсүнө токтолду.

«Мен 1989-жылы Талас облусунда туулгам. Бишкектеги Жогорку Аскер Академиясын бүткөндөн бери, тактап айтканда 2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп келе жатам. 2011-жылдан тартып Мамлекеттик чек ара кызматындамын. 2016-жылдан бери «Каркыра» чек ара бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келе жатам.

Жубайым Айгүл Карагулова экөөбүз теңбиз. Ал да Таластагы медициналык окуу жайын бүткөндөн бери, 2011-жылы үйлөнгөндөн тарта чек ара кызматында прапорщик. 5 жашар Үмүт аттуу кызыбыз бар», - деди.

Ал эми офицерлердин үйүндө жашаган Куралдуу күчтөрүнүн лейтенанты, Ош шаарында туулган Жакыпбек Караев Алма-Ата шаарындагы чек ара жогорку окуу жайын бүтүп келгенден бери чек ара кызматында кызмат кылат. Ал эми 2016-жылдан бери Каркыра чек арасында командирдин орун басары болуп эмгектенүүдө.

Прапорщик, «Каркыра» чек ара бөлүмүнүн медициналык кызматкери, Түп районунун Тасма айылында 1991-жылы туулган Сүйүнбек Исабековдун чек арага келип калганы абдан кызыктуу. Сүйүнбек Караколдогу медициналык колледжди бүткөндөн кийин дарыгер болуп иштегиси келген. Бирок аскерде кызмат өтөп жүргөндө аскер бөлүгүнө сөзсүз медицина кызматкери керек экенин билип, Каркырадагы чек ара бөлүгүнө жөнөгөн.

С.Исабеков Ак-Суу районунун Жолголот айылында туулган Жазгүл Бактыбековага үйлөнүп, чек арага ала келген. Экөө эки балалуу болушту. Улуусу Айсел Дүйшөнова 4 жашта болсо, кичүүсү ушул чек арада туулган, келечектеги чек арачы Саян Дүйшөнов бир жашка чыга элек.

Калган үй-бүлөнүн кожоюндары кезектеги чек арадагы кызматтарга кеткенине байланыштуу аңгемелеше алган жокпуз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×