Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 28.05.2018 08:23 На русском

Тогуз-Булактагы мектепти 20 жыл мурда аяктаган орус улутундагы 3 кыз кыргыз жигиттер менен турмуш курушкан

Turmush -  Түптүн Тогуз-Булак айылындагы мектепти мындан 20 жыл мурда аяктаган орус улутундагы 3 кыз кыргыз жигиттер менен турмуш курушкан. Кыргыз тилин суудай билген кыздар Тогуз-Булак айылындагы төркүнүнө 20 жылдыктын шылтоосу менен келип, сагынычын таратып кетишти.

Алардын бири Зоя Чухлебова григорьевкалык Дмитрий Ниетбаев аттуу кыргыз жигитине баш кошкон. Учурда 4 баланын энеси. Ал эми Света Остроумова жердеши Үмүтбек Жумабековго турмушка чыгып, 3 балалуу болушту. Оля Чухлева болсо нарындык Абдулназир Содалиевге турмушка чыгып, учурда 2 баланын энеси.

«Биз мектепке белек катары электрондук жүгүртмө саптардын тактасын алып келип бердик. Сыртта жүргөн кыздар эң биринчи Ысык-Көлдү сагынып калыптырбыз. Суусу жылый элек болсо деле көлгө түшүп, сагынычыбызды таратып алдык», - дешти аталаш бир туугандар Зоя менен Оля Чухлебовалар.

Алар кыргыз жигиттерин өмүрлүк жар катары тандаганынын себеби тууралуу суроого: «Кыргыз айылында төрөлүп, кыргыз балдар менен бирге ойноп, бирге окудук. Кыргызча сүйлөп, кыргызча ойлонсок анан кайда бармак элек», - деп тамаша аралаш жооп узатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×