Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 27.05.2018 09:35

Түптүктөр Ысык-Көлдүн жээгинен 8,2 тонна таштанды чыгарышты (фото)

Turmush -  Түп району боюнча «Ысык-Көлдүн тазалыгы баарыбыз үчүн» аттуу ишембилик өткөрүлдү.

Райондук администрациянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Арслан Шаршембиев билдиргендей, 23 чакырым көл жээги тазаланып, 8,2 тонна таштанды чыгарылды.

«Көл жээгинде жайгашкан Кудургу, Ак-Булуң, Сары-Булак, Түп, Тогуз-Булак, Михайловка жана Ысык-Көл айыл өкмөттөрүнөн, Түп айылында жайгашкан мекеме-ишканалардан 347 адам катышты. Ишембилик мезгилинде көлдөн балыкка салынган 4 кытай тору табылып, алынып өрттөлүп жоголду. Акыр-чикирлер былтыркы жылга салыштырмалуу алда канча азайып калганы, элдин көлгө кылган мамилесинин жакшырып калганынан кабар берет», - деди А.Шаршембиев.

Ал эми мамлекеттик салык кызматынын райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Токтожан Алмүрөкова: «Мен быйыл 43-жылы ишембиликке катышып жатамын. Эгерде көлгө келип эс алганы келгендер артын тазалап кетишсе, мындан дагы жакшы болмок. Ичкен сууңду эле булгап турчу эмне болор экен», - дейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×