Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 04.05.2018 10:59 Жаңыланды: 04.05.2018 17:26

Айыл турмушу: Кол өнөрчүлөрдүн үйүн ачкан түптүк К.Алышпаева жасаган буюмдарын Япония, Кореяга жөнөтөт (фото)

Turmush -  Түп районунун Түп айылынын 60 жаштагы тургуну Клара Алышпаева кол өнөрчүлөрдүн бирикмесин түзүп, 10дон ашык адамды иш менен камсыздап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Бала кезинде шырдак шырып, төшөк көктөгөндү өздөштүргөн К.Алышбаева 2003-жылы «Ак-Шуру» коомдук бирикмесин түптөп, 2008-жылы кооператив катары түзгөн. Учурда бул жакта 10дон ашуун адам иш менен камсыз болгон. Бул жакта кыздын себи, белекке берилүүчү азем буюмдар, шырдактын түрлөрү жасалат.

Кыргыз шырдагын жасап, дүйнөнүн 5 өлкөсүнө даңазалаган Клара Алышпаева көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон. Өзүнүн айтымында, алар кароосуз калган имаратты алып, долбоор жазып, анын негизинде кол өнөрчүлөрдүн үйүнө айландыруу үчүн кыйла эмгек жумшады. Азыр алар жасаган эмгектер бир катар чет өлкөлөргө жөнөтүлүп турат.

«Мен көп өлкөдө болдум, биз жерге салган шырдакты чет өлкөлүктөр там бооруна илип алганын көрүп, эмгек жерде калбаптыр деп ойлоп калам. Жүндөн уютуп жасаган азем буюмдарга суроо талап арбын болгондуктан ар дайым Япония, Корея өндүү мамлекеттерге жөнөтүп турабыз. Кыздын себине келген буйрутмалар арбын болгондуктан өлкөнүн ар бир район-шаарларынан буюртмалар түшөт», - дейт ал.

К.Алышпаева бир уулдун апасы, ал буга чейин бир катар кыйынчылыктардан өтүп, эми эмгегинин акыбети кайтканына шүгүр кылат. Түп айылындагы коомдук иштерге активдүү катышып, кайрымдуулук иштерди жасап келет. Бул эмгектери үчүн да бир катар сыйлыктарга арзыган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×