Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ысык-Көл

Түптө көк бөрү боюнча мелдеш башталды (фото)

Turmush -  Түп айыл өкмөтүнүн Бирлик айылында айылдын ардактуу атуулу, маркум Улдакан Шеримбековдун жаркын элесине арналган көк бөрү улуттук оюну башталды. Облустук деңгээлдеги мелдешке 12 команда катышууда.

Көк бөрү улуттук оюнунун Түп району боюнча ачылыш сезонун бүгүн, 13-февралда Түп районунун акими болуп жаңыдан дайындалган Элчибек Жантаев ачты.

Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Айбалиев Түп району боюнча көк бөрү улуттук оюнунун түбүн түптөгөн, күлүк таптаган саяпкер маркум Улдакан Шеримбеков аганын басып өткөн жолуна кыскача токтолду.

Аким Э.Жантаев, айылдык кеңештин төрагасы Б.Умралиев улуттук улак оюунунун катышуучуларын жана уюштуруучуларын жаңы сезондун ачылышы менен куттуктап, алдыда келе жаткан Көчмөндөр оюнуна эмитеден даярдык көрүп, ийгиликтерге жетишүүнү каалашты.

Андан соң, маркумдун арбагына арналып куран окулуп, анын аялы жана балдары, бир туугандары, теңтуштары эскеришти. Мындай мелдешти жыл сайын өткөрүп туруу пландалганы маалым болду.

«Оюн эки күнгө созулуп, биринчи орундун байгесине Улдакан Шеримбековдун балдары бир тай койсо, Бирлик айылынын жаштары 2-орунга 15 миң, 3-орунга 1 миң, 4-орунга 5 миң сомдон байге коюшту. Алыстан келген командалардын аттары жана ээлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана тамак-аш менен камсыз кылынган», - деди Бирлик айылынын жана уюштуруучу топтун башчысы Кеңешбек Чекиров.

Шеримбеков Улдакан Базарбаевич 1950-жылы Түп районунун Бирлик айылында туулган. 1963-жылы эмгек жолун агасы Мукаш Калмамбетовго жардамчы койчу болуп бштаган. Советтик армиянын катарына 1972-жылы чакырылып, кайтып келгенден кийин СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхозго өз алдынча чабан болуп эмгектене баштаган. Ал ар бир 100 койдон 150дөн козу алып, республика боюнча алдыңкы орундарды ээлеп, партиялык, советтик жана чарбалык сыйлыктардын ээси болгон.

Түп айылдык кеңешинин депутаты, айыл башы жана аксакалдар сотунун төрагасы болуп, «Ардактуу атуул» наамына татыган. Эгемендүүлүк алганы адегенде айылында, кийин райондо көк бөрү улуттук оюуну боюнча команда түзүп, өзү машыктыруучулук кылган. 2011-жылы ден соолугуна байланыштуу ардактуу эс алууга чыгып, мындан 4 жыл мурун катуу оорудан кийин каза болгон. Артында жубайы, 6 баласы калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 729
Көп окулду
×