Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.02.2018 10:18

Түптө былтыр жол кырсыктан 11 адам каза болду (фото)

Turmush -  Түп районунда жол кырсыгын азайтуунун жолдору талкууланган жыйын өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ага Түп РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү, мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгы, жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалардын ээлери жана ЖККК бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Жыйында жүргүнчүлөрдү ташыгандарга патент жана социалдык камсыздандырууну сөзсүз алып иштөөнү тапшырышты. Ошондой эле, Түп РИИБ боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын майору М.Жумабаев бөлүмчөнүн 2017-жылы аткарылган иштерине токтолду.

«2017-жылы Патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан атайын бекитилген пландардын негизинде жол кырсыгын алдын алуу боюнча 94 ар кандай аталыштагы рейддер өткөрүлдү. Жыл ичинде жол эрежесин бузуунун 92 учуру катталып, 2016-жылга карата 94 учур аз болгон. Мас абалында унаа айдап 7 айдоочу кармалган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8 учурга аз. Мамлекеттик казынага 2 млн 732 миң 200 сом түшсө, анын 2 млн 176 миң 200 сомун ЖККК бөлүмчөсү түшүргөн. Сотко 144 административдик материал жиберилип, 556 миң сом өндүрүлүп, 38 айдоочу айдоо укугунан ажыратылган. Рейддер жүргүзүлүп, лекциялар окулуп, коомчулук менен биргеликте ар кандай иш-чаралар өткөрүлгөнүнө карабай 2017-жылы 42 жол кырсыгы катталып, мурунку жылга салыштырмалуу 18 учурга аз болгону менен адам каза болгон 11 учур катталган. Адамдын жол кырсыгынан каза болгондордун саны 7 учурга азайган. Ал эми балдар катышкан жол кырсыктар 8 жолу катталып, өткөн жылга карата 3 учурга азайды», - деди М.Жумабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×