Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 25.01.2018 13:57

Эл ичи— өнөр кенчи: «Город 312» тобу менен жолуккан Ринат гитарасы менен чоң сахнага бет алды (фото)

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылынын 19 жаштагы тургуну Ринат Шакиваев гитара менен ырдап, чоң сахнаны багындырууга аракет кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Т.Г.Шевченко атындагы №25 орто мектепти аяктаган. Учурда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин экология жана айлана-чөйрөнү коргоо факультетин аяктап жатат.

«Мен мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыгып баштагам. Сыналгыдан ырчыларды көрүп, ошолордой болуп чоң сахнада ырдагым келди. Мага музыка менен алектенгенге ата-энем, туугандарым түрткү берген десем жаңылышпайм. Менин музыкага кызыгуумду атам көрүп, мага гитара белек кылган. Ошол күндөн баштап менин музыкалык жашоом башталган. Тилекке каршы ошол убакта мугалимим жок болчу. Кызыгуум күчтүү болгондуктан интернеттен эле үйрөнүп алдым. Көптөгөн музыкалык сынактарга катышып, тажрыйба топтоп жатам. Акыркы жолу “Асман” сынагына катыштым. Ал жактан көптөгөн досторду таап жана эстрада жылдыздары менен таанышып, жакшы мамиле түзүп алдым. Ырларды өзүм жазам жана чыгарууга даярдануудамын. Ошондой эле, учурда С.Ашировадан вокалдан сабак алып турам. Окуумду аяктагандан кийин консерваториядан билим алууну пландап жатам. Бош убакытта англис тилин үйрөнөм», - дейт Ринат.

Ал «Город 312» тобуна жолугуп, кол тамга алганга жетишкенин айтат. Бул жолугушуу ал үчүн чоң стимул болгон.

«Эки жыл мурун “Жаштар кэмп” форумуна “Город 312” тобу келерин билип, алар менен жолуккум келген. Форумга барганымда алар жаштар менен маек куруп, ырдап, жаш музыканттарга чоң мотивация берип кетишкен. Мен алар менен өзүнчө сүйлөшкүм келип, керектүү суроолорума жооп алгым келди. Бирок эч кимди алардын бөлмөсүнө киргизбей коюшкан. Ошондо башка эшик менен кирип, алар менен жолугууга жетишип калдым. Алар мени жакшы маанайда тосуп, мага ийгилик каалап, гитарама кол тамга коюп беришкен. Алар менен жолугушуу мен үчүн чоң стимул болгон. Келечекте чоң сахнаны багындырууга аракет кылам», - деди Ринат.

Ал төрт бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×