Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ысык-Көл

Рейд учурунда кармалган Түптүн Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кайыков түшүндүрмө берди

Turmush -  Түп районундагы Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков 20-январь күнү Каракол шаарына кызматтык унаасын оңдоткону бара жатып, жол коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлер өткөрүп жаткан рейд учурунда кармалган.

К.Кайыковдун айтуусу боюнча, ал кызматтык унааны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган эмес. Айыл өкмөттө айдоочу штат бирдиги жок жана жумуш күндөрү унаасын оңдотууга убакыт болбогондуктан ишемби күнү — 20-январда саат 14:00дө унаа оңдотуучу жайга бара жатканда рейд учурунда кармалган. Бирок ошол күнү унаасын оңдотуп келгенин документтери менен далилдейт.

«Айыл өкмөттө кээ бир учурларда дем алыш күндөрү да иштөөгө туура келет. Ал эми өкмөттүн чечиминин негизинде рейддерди жасап, текшерүүлөрдү жүргүзүүнү туура деп эсептейм. Бир гана нерсе — рейдде текшерүү учурунда эмне себеп менен баратканын тактап, андан кийин жыйынтык чыгарса жакшы болор эле», - деди К.Кайыков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1143
Көп окулду
×