Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Ысык-Көл

Түптөгү Сары-Тологой айылында заманбап спорт зал ачылды (фото)

Turmush -  Түптүн Санташ айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Тологой айылынын тургундары жаңы спорт залдуу болушту. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, спорт зал Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу тарабынан 13,8 млн сомго каржыланган.

Заманбап имараттын ачылыш аземин Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Жапаров баштап, андан кийин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев куттуктады. Анын айтымында, жаңырган жылда облус боюнча экинчи спорт зал пайдаланууга берилди.

Иш-чараны мектептеги таланттуу окуучулардын концерттик программасы коштоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 668
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×