Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Ысык-Көл

Мындай карды сыналгыдан гана көрчүбүз, - алыскы Каркырага конокко барган шаардык жигиттер (фото)

Turmush -  Түп районунун алыскы Каркыра айылына Токмок шаарынан конокко баргандар аймактагы кардын калыңдыгын көрүп, таң калышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Каркырага конокко келген 18 жаштагы Мукаммад Сулиев айтып берди.

Анын айтымында, ал досу экөө Токмок шаарынан 15-январь күнү чыгышкан.

«Досум Мухамалид Шаров экөөбүз Токмоктон 15-январь күнү чыкканбыз. Түп—Кеген жолун биздин астыбызда эле тазалап кетишиптир. Бул жактагылар Үчүнчү деп атаган (Санташ айылын айтып жатат) аймактан өткөндөн кийин эле бизди Каркыранын шамалы кары менен тосуп алды. Аты айтып тургандай Кутурган булактын тушунан баштап Каркыра айылына чейин толук жеткен жокпуз. Айылдын кире беришиндеги Ильяс атанын үйүнө барып кондук.

Эртеси айыл башчы Кубаныч Түлөбердиев деген жигит менен бирге унаабызга барып, бирок таппай калдык. Түнү бою жааган кар унааны көмүп салыптыр. Жол тазалап жатышат дегенди уккандан кийин аларды күтсөк, кечке жуук келишти. Чынын айтканда мындай калың кардын жааганын сыналгыдан гана көрүп, жомоктой элестетчүмүн. Каркыралыктар да кайратман, меймандос эл экен. Мындай окуяларды далай жолу башынан өткөргөндүктөнбү, кабагым-кашым дебей эле жүрө беришет экен. Аба ырайы чукул өзгөрөт дегенди деле укканбыз, бирок жол күрөлүп, таза болгондуктан жолго чыкканбыз. Бул жерде дайыма кардуу бороон болгондуктан жолду күнүгө тазалоого туура келет деп жергиликтүү элдин айтканы чын экенине күбө болдук», - деди Мухаммад Сулиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2019
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×