Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Акимиатта иштеген түптүк 24 жаштагы Алтынай хоббиси аркылуу да киреше табат (фото)

Turmush -  Түп районунун 24 жаштагы тургуну Белек кызы Алтынай өзүнүн кол өнөрчүлүгү менен районго таанымал. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Алтынай Түп райондук мамлекеттик администрациясынын кабыл алуу бөлмөсүндө катчы болуп иштейт. Иштегенине аз болгону менен ал өзүнүн кол өнөрчүлүгү менен бат эле районго таанымал болуп чыга келди.

Жумушта кичине бош болуп калса эле өзүнүн хоббисинен экинчи кесибине айланган шурудан кооз мончоктордун түрлөрүн жасай баштайт. Буйрутма болуп калса бир сутканын ичинде эле бүткөрүп бергенине күбө болдук.

Белек кызы Алтынай 1993-жылы Нарындын Чет-Нура айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. 2010-жылдан 2017-жылга чейин К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде окуп, экономист кесибин алып чыккан. Нарын шаарында мамлекеттик салык кызматында иштеп жүргөндө нике кайып буйруп, түптүк Жоомарт Өмүркановго турмушка чыкты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1464
Көп окулду
×