Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ысык-Көл

Түптө 3 күн мурун дайынсыз жоголгон кишинин денеси табылды

Turmush -  Бүгүн, 29-декабрда Түп районунун Санташ айыл аймагынын Сары-Төлөгөй айылында 3 күн мурун дайынсыз жоголгон 43 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды.

ӨКМдин маалыматына караганда, 27-декабрь күнү 1974-жылы туулган А.Н. үйүнөн кашарга чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып барган эмес. Аны издөөгө ӨКМдин Түп районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери, РИИБдин 37 кызматкери, Санташ айыл аймагынан 2 жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.

Издөө иштеринин жыйынтыгыныда А.Н.нын жансыз денеси саат 13:00 чамасында Кең-Суу айылында табылып, РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1875
Көп окулду
×